Түркия дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү 5А спутнигин космоско учурат

Караисмаилоглу Орду шаарында билдирүү жасады.

1555054
Түркия дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү 5А спутнигин космоско учурат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу: «Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү биз 5А спутнигин космоско учурабыз»,- деди.

Караисмаилоглу, Орду шаарында жасаган билдирүүсүндө дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түндүн Түркия үчүн маанилүү күн болоорун айтты. Караисмаилоглу мындай деп улантты: «Биз 5A спутнигибизди дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү космоско учурабыз. Программаны түздүк. /.../ Андан кийинкини июнь айына пландаштырдык. 5Б спутнигин космоско учурабыз. Дүйнөдөгү биринчи атамекендик жана улуттук 6А спутнигибиздин да изилдөөлөрү улантылууда. Биз аны 2022-жылдын биринчи айларында ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Аны менен биз космос мейкиндигиндеги күчүбүздү бүткүл дүйнөгө сездиребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар