Түркия жер титирөөдөн улам Хорватияга көңүл айтты

Ошол эле учурда Петринжа шаарында кечээ жергиликтүү  убакыт боюнча саат 12:20да болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 5ке жогорулады.

1554257
Түркия жер титирөөдөн улам Хорватияга көңүл айтты

Түркия Хорватияда болгон жер титирөөдөн улам бул өлкөгө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Хорватиянын Петринжа шаарында 6,4 баллдык жер титирөөнүн болгондугу белгиленди. Маалыматта : «Хорват досторубуздун кайгысын бөлүшөбүз, Хорватия калкына жана жер титирөөдө каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Апаат болгон учурда эл аралык кызматташуунун мааниси белгиленген маалыматта Түркиянын Хорватия калкына бардык жардамды берүүгө даяр экендиги билдирилди.

Ошол эле учурда Петринжа шаарында кечээ жергиликтүү  убакыт боюнча саат 12:20да болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 5ке жогорулады.

Жер титирөө аймак өлкөлөрү Босния - Герцеговина жана Сербияда да сезилип, жер титирөөдөн кийин көп сандаган силкинүүлөр болду.



Тектеш кабарлар