Акар жана командирлер Шанлыурфага барды

Хулуси Акар: «Элибизди террор азабынан куткарабыз. Биз бул маселеде чечкиндүүбүз»

1554805
Акар жана командирлер Шанлыурфага барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер жана күч командирлери менен чек ара бөлүктөрүндө текшерүү жана иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

Хулуси Акар Башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер жана күч командирлери менен Шанлыурфага барды.

Акар жана командирлер, Операция борборунда чек аранын тышындагы операциялык аймактар ​​жана чек ара тилкесиндеги иш-аракеттер жөнүндө маалымат алышты.

Акар бул жерде жасаган билдирүүсүндө, терроризм менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга дейре уланарын баса белгилеп: «Элибизди ушул террор азабынан куткарабыз деп үмүттөнөм. Биз бул маселеде эрктүү жана чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар