Чет өлкөдөн келгендерден ПЦР тестин талап кылган режим эртең башталат

Бул тартип 2021-жылдын март айына чейин уланат.

1554030
Чет өлкөдөн келгендерден ПЦР тестин талап кылган режим эртең башталат

Түркияга аба, кургактык жана деңиз жолу аркылуу келе турган бардык жүргүнчүлөрдүн акыркы 72 сааттын ичинде өткөн ПЦР тестин талап кылган режим эртең башталат.

Бул тартип 2021-жылдын март айына чейин уланат.

Ошондой эле Европадан Түркияга кирилген Эдирнедеги чек ара бекетинде да эртең баштала турган режимде, авто жолу менен чек ара бекеттеринен Түркияга кирүүнү каалагандардан паспорттук көзөмөл учурунда акыркы 72 сааттагы ПЦР тестинин жыйынтыктары суралат.

Чек ара бекеттеринде тесттерин тапшырбагандар кайра кайта алышат же Түркияда калаарын билдирген (үй, мейманкана) даректеринде карантинге алынат.

Жашай турган жери жоктор болсо Саламаттык сактоо дирекциясы көрсөткөн жерлерде карантинге алынат.

Карантиндин 7-күнүндө ПЦР анализдери таза чыккан адамдар үчүн карантин мезгили бүттү деп эсептелет. Вирус аныкталгандардын дарылануусу болсо Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус (Ковид-19) көрсөтмөсүнө жараша жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар