Армения ок атышпоо режимин бузду

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой билдирүү жасады.

1553652
Армения ок атышпоо режимин бузду

Түркия, армян элементтеринин Тоолуу Карабахта ок атышпоо режимин бузгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Тоолуу Карабахта куралдарын таштоодон жана чыгып кетүүдөн баш тарткан армян элементтеринин Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө каршы кол салуулары, 2020-жылдын 9-ноябрындагы үч тараптуу декларация менен белгиленген ок атууну токтотуу режимин ачыктан-ачык бузгандык деп билдирди.

Буга чейин 26-ноябрь, 8, 11 жана 27-декабрда Армениянын куралдуу элементтеринин кол салууларынын натыйжасында аскердик жана жарандык жоготуулар менне жаракат алгандардын катталганын белгилеген Аксой: «Үч тараптуу декларацияга кол койгон өлкө катары, бардык куралдуу армян элементтерин чыгарып кетүү жана ок атышпоо режимин сактоо боюнча негизги жоопкерчилик Арменияда. Азербайжан тарап Армениянын куралдуу элементтеринин провокацияларына каршы коргонуу укугунан пайдаланып, зарыл болгон жоопту берди. Аймакта орнотулууга аракет кылынган туруктуу тынчтыктын кызыкдар тарабы болуу үчүн Армения бул жааттагы чындыктарды кабыл алып, үч тараптуу декларация менен алган милдеттенмелерин аткарышы керек»,-деди.

Аксой айрыкча кол салууларда курман болгон азербайжандык жарандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, Азербайжан элине көңүл айтты.



Тектеш кабарлар