Түркия Пакистанга көңүл айтты

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

1552843
Түркия Пакистанга көңүл айтты

Түркия, Пакистанга, Белужистандагы террордук кол салууларда каза болгондор менен Гилгит-Балтистандагы вертолеттун кырсыкка учурап кыйрашынан улам каза болгондорго көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн 11 мүчөсү Белужистандагы террордук кол салуудан жана Гилгит-Балтистан аймагындагы тик учактын кулашынан каза болгондугу өкүнүч менен белгиленгендиги билдирилди.

Билдирүүдө,«Биз Белужистанда болгон террордук актты айыптайбыз. Террордук кол салууда жана тик учактын кырсыгында өмүрүнөн айрылгандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилейбиз жана боордош Пакистан элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,делди.



Тектеш кабарлар