Шемдинлиде кар көчкүнүн астында калган дагы бир аскердин сөөгү табылды

Кар көчкүдө шейит болгон аскер саны 2ге жетти.

1553151
Шемдинлиде кар көчкүнүн астында калган дагы бир аскердин сөөгү табылды

 Хаккаринин Шемдинли районунда кар көчкүнүн астында калган башка бир аскердин да сөөгү табылды. Шейит болгон аскер саны 2ге жетти.

Райондогу база аймагынын кардан улам жабылган жолун ачуу үчүн аскердик экскаватор менен жүргүзүлгөн иш учурунда көчкү жүрүп бир аскер шейит болгон аймакта көчкүнүн астында калган башка бир аскердин табылышы үчүн издөө – куткаруу иштери эрте мененки сааттарда да улантылды.

Учкучсуз аба аппаратынын абадан берген колдоосу менен издөө иштерине Хаккари, Ван жана Эрзурум Апаат жана чукул абалды башкаруу башкармалыгынын топтору менен жандармериянын изидөө – куткаруу бригадалары, десанттар жана чек ара бөлүктөрү катышты. Дедектордук иттер да катышкан издөөдө көчкү астында калган дагы бир аскердин сөөгү табылды.



Тектеш кабарлар