Угур Шахин: «Биз Түркияга марттын аягына чейин 4,5 миллион доза вакцина пландаштырдык»

Угур Шахин, Түркия менен түзүлгөн вакцина боюнча келишим өздөрү үчүн чоң бакыт экендигин айтты.

1552570
Угур Шахин: «Биз Түркияга марттын аягына чейин 4,5 миллион доза вакцина пландаштырдык»

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцинаны иштеп чыккан, Германиянын BioNTech биотехникалык компаниясынын негиздөөчүсү, профессор доктор Угур Шахин, Түркия менен түзүлгөн вакцина боюнча келишим өздөрү үчүн чоң бакыт экендигин айтты.

Угур Шахин, келишимдин деталдарына байланыштуу биринчи кезекте ушул жылдын аягына чейин Түркияга 550 миң доза жөнөтүлөрүн баса белгилеп, «30 миллион вакцинаны 2021-жылдын аягына чейин тапшырууну пландап жатабыз. Март айынын акырына дейре 4,5 миллион дозада вакцина пландаштырылган. Вакциналар дүйнө жүзүнүн бардык жерине керек. Биз дозаларды адилеттүү түрдө жеткирүүнү каалайбыз. Эгер Кудай буюруп 2021-жылдын аягына чейин ишке ашыра алсак, анда Түркияга 30 миллион дозаны жеткире алабыз»,-деп айтты.

Шахин, эгерде 30 миллиондон башка мүмкүнчүлүк болсо жана Саламаттык сактоо министрлиги талап кылса, көбүрөөк дозаларды жөнөтүүнү каалай тургандыктарын түшүндүрүп,«Кийинки жылга Pfizer компаниясы менен биргеликте 1 миллиарддан ашык дозаны өндүргүбүз келет. 80ден ашуун өлкөгө, биз бул дозаларды бөлүштүрүшүбүз керек. Колубузда болгондон кийин Түркияга талап кылганда бергибиз келет»,-деди.

Түркия менен түзүлгөн келишимге ылайык Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага ыраазычылыгын билдирген Угур Шахин, алар чыгарган вакцинанын ушул убакка дейре 1,5 миллион адамга эмделгенин, бул вакциналарга байланыштуу баш оору, кол оору, бир аз чарчоо жана кээде ысытма көрүнөт, бирок булардын эки күндүн ичинде өтүп кеткенин түшүнрдүрдү».

Кытайдан келген вакцина тууралуу баа берген Шахин: «Азыр Кытайдан келген вакцина дагы натыйжалуу экендигин көрсөтүүдө. Менин оюмча, ал 85 пайыз, 86 пайыз таасир этет. Бул жагымдуу жана эффективдүү вакцина деп эсептелет. Кытайдын вакцинасы же BioNTech вакцинасы же башка мамлекеттин вакцинасы деп эч кандай сарсанаа болбошу керек. Кытайлар дагы бул вакцинаны колдонушат. Ал узун сыноолорду жана клиникалык сыноолорду өткөрдү. Эң негизгиси, жетиштүү санда вакцина Түркияда болушу керек. Мен ушул кезге чейин бардык вакциналардын жакшы натыйжаларын көрсөтүп, жардам бере алаарын көрдүм»,-деп айтты.

Түркияга инвестиция салгысы келгенин айткан Шахин,«Биз өз өндүрүмдөрүбүздү биринчи жолу Түркияга алып келип жатабыз. Биз Түркияда изилдөө жүргүзгүбүз келет. TUBITAK (Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши) менен сүйлөшүүдөбүз. Бир нече университеттердин профессорлору менен иштеше баштадык. Биз Түркияда BioNTech компаниясынын бир бөлүмүн ачууну каалайбыз. Ушул инфекция вакциналарынан башка Түркияда рак илдетин изилдөөнү каалайбыз. Кудайым буюрса, кийинки жайда Түркияда рак бөлүмүндө клиникалык сыноолорун баштайбыз. Түркиянын ар кайсы жерлеринде BioNTech компаниясынын кеңселерин ачып, R & D (Research and Development) менен алектенүүнү каалайбыз»,- деди.

Интенсивдүү иштерин келерки жылдын жай айларына чейин уланта тургандарын белгилеген Шахин: «Биздин алдыбызда вакцинанын дозасын жетиштүү деңгээлге көтөрүү милдети турат. Жайга чейин бизтынч турбайбыз. Эгерде дүйнө жай мезгилинде дем ала баштаса, биз да дем ала баштайбыз. Ага чейин иштейбиз»,-деп айты.



Тектеш кабарлар