Эрдоган : "Түркия бардык жапа чеккендерге үмүт берет"

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында партиянын мүчөлөрүнө кайрылды.

1550554
Эрдоган : "Түркия бардык жапа чеккендерге үмүт берет"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын бардык жапа чеккен адамдарга үмүт бергендигин айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында партиянын мүчөлөрүнө кайрылды.

«Бүгүн Түркия дегенде эң биринчи эске адамзаттык келет. Адилеттик, кадыр  - барктуу бир тышкы саясат келет»,- деген президент : «Түркия бардык жапа чеккендерге үмүт берет. Бүткүл дүйнөдө  тик туруунун өкүлү болууда. Түркиянын жылдызы жогорулаган сайын жапа чеккен кишилердин саны да көбөйүп баратат. Шахмат доскасын эске салган эл аралык аренада оюн курган Түркия чындыгында кагылышуу жана хаостон  азыктангандардын тынчын алууда»,- деди.

Эрдоган Азербайжандын Тоолуу Карабах жеңиши тууралуу : «Тоолуу Карабахта 30 жылдан бери келе жаткан оккупациянын акырына чыгышына салым коштук»,- деди.

Р. Т. Эрдоган Түркиянын бул жылы Европа жана АКШ менен карым  - катнаштары тууралуу буларды айтты : «Европа жана АКШ менен карым  - катнаштарыбызды өнүктүрүп жатып түрк дүйнөсүн, Азияны, Латын Американы, Африканы унута албайбыз. Муну менен бирге бардык аракеттерибизге карабастан 2020 -  жылы Европа жана АКШ менен карым  - канаштарыбыз жасалма күн тартиптери менен сыналган жыл болду»,- деди.

Президент Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесинде жана С  - 400дөр тууралуу  ылайык болбогон кош стандарттар менен беттешкендигин белгилеп : «Жаңы жылда АКШ жана Европа менен болгон карым  - катнаштарыбызда жаңы бир бет ачууну каалайбыз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар