Түркия-Түндүк Македония карым-катнаштары

Скопьеге барган Шентоп Анадолу Агенттиги (AA) жана Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) суроолоруна жооп берди.

1550065
Түркия-Түндүк Македония карым-катнаштары

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Македония менен Түркиянын ортосундагы карым - катнаштардын бардык тармакта дагы да өнүгөөрүн айтты.

21-декабрь Түрк билим күнүнөн улам Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеге барган Шентоп Анадолу Агенттиги (AA) жана Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) суроолоруна жооп берди.

Түркия менен Түндүк Македониянын ортосундагы мамилелердин келечеги тууралуу суроого жооп берген Шентоп, эки өлкөнүн ортосунда коюлган экономикалык максаттар бар экендигин жана бул жаатта олуттуу кадамдар ташталгандыгын белгиледи.

Буларды өнүктүрүү үчүн сапардын алкагында кесиптештери менен жолугушууда сүйлөшүлгөн темалардын арасында эркин соода келишимдеринин жаңыланышынын да бар экенин баса белгилеген Шентоп: «Бул тема боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Экономикалык мамилелерди жана соода көлөмүбүздүн багыттарын көбөйтөт. Түндүк Македониянын өнүгүүсүн, бул жердеги адамдар үчүн жумуш орундарын түзүүнү биз дагы каалайбыз. Биз Түркия катары досторубуздун, бир тууган өлкөлөрдүн өзгөчө экономикалык жактан өнүгүшүн колдогон өлкөбүз. Мен карым-катнаштарыбыздын бардык тармактарда мындан ары да өнүгөөрүнө ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар