Чавушоглу Индонезияга иш сапар менен барды

Чавушоглу бир күн мурун иш сапары менен барган Индонезияда тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1549804
Чавушоглу Индонезияга иш сапар менен барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, мусулман дүйнөсүнүн уламдан-улам көбөйүп жаткан исламофобия жана басмырлоо коркунучуна туш болгондугун билдирди.

Чавушоглу бир күн мурун иш сапары менен барган Индонезияда тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Быйыл Түркия-Индонезия ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 70-жылдыгы экендигин эске салган Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдогандын келерки жылы жасоосу пландаштырылган Индонезияга иш сапары менен эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин ишке ашарын айтты.

Мусулман дүйнөсүнүн уламдан-улам көбөйүп бараткан исламофобия жана басмырлоо коркунучуна туш болгонун белгилеген Чавушоглу: «Индонезия менен биргеликте иш алып барып мусулмандарды колдошубуз керек жана биз ушул маселелер менен күрөшүшүбүз керек. Эки мусулман өлкөсү катары баалуулуктарыбызга доо кетирүү аракеттерине каршы биргелешип күрөшүшүбүз керек. Индонезия менен Түркиянын окшош көз карашы болгондугун көрүп жаткандыгыма кубанычтамын. Эки ири мусулман өлкөсү катары өлкөлөрүбүздүн жана үммөттүн жалпы максаттарын жана кызыкчылыктарын чогуу коргошубуз керек»,-деп айтты.

Чавушоглу менен Марсуди ошондой эле дипломатиялык кызматташтык, дипломат алмашуу жана окутуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди министр Чавушоглу менен аймактык жана глобалдык маселелерге да токтолушкандарын белгилеп, Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө көп тараптуулукту күчөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулагандарын айтты.

Жакынкы Чыгышта тынчтык жана туруктуулук эпидемиядан кийинки мезгилде глобалдык калыбына келтирүү үчүн маанилүү экендигин баса белгилеген Марсуди: «Индонезия жана Түркия, Ислам дүйнөсү жана мусулмандардын жыргалчылыгы үчүн чечүүчү жол табууда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) бекемделиши боюнча макулдашылды”,-деди.

Ретно Марсуди ошондой эле Палестина маселесинин аралык деңгээлде таанылган элементтерге, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ар кандай резолюцияларына жана эки мамлекеттүү чечимдерге ылайык чечилиши керектигин белгилеп, алар Палестинаны колдой тургандыктарын ар дайым кайталай тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар