АКШнын санкция чечими дагы бир жолу айыпталды

Октай дүйнөдөгү эң мыкты 100 коргонуу компаниясынын арасында 7 түрк компаниясы бар экендигин айтты.

1546526
АКШнын санкция чечими дагы бир жолу айыпталды

Вице-президент Фуат Октай Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечимине дагы бир жолу каршылык көрсөттү.

Фуат Октай, кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Жалпы кеңешинде Президенттиктин 2021-жылдагы бюджетин сунуштады.

АКШнын санкция чечимин 4 саясий партия кол койгон биргелешкен декларация менен айыптап улуттук биримдикти чагылдырган Түркия Улуу Улуттук Жыйынына жана кол койгон партия топторуна ыраазычылыгын билдирген Октай, бул акыйкатсыз санкция чечимин дагы бир жолу кескин айыптагандыгын билдирди.

Октай өз презентациясында дүйнөдөгү эң мыкты 100 коргонуу компаниясынын арасында 7 түрк компаниясы бар экендигин айтты.

Вице-президент Октай: «Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү көрө албастык менен байкоо сала турган жана Түркияны тышка көз карандылыктан куткаруу үчүн өнүккөн абадан коргонуу тутумдарын да иштеп чыгуудабыз. Бизге киргизилген санкциялар биздин иштеп чыга турчу системаларыбыздын эртерээк ишке ашуусуна салым кошот»-деди.

Батыш өлкөлөрүнө да билдирүү жасаган Октай: «Биз канкор террористтерге уюктарынан сокку уруудабыз, алардын үнү Франциядан, Батыштын айрым өлкөлөрүнөн угулууда»,- деди.



Тектеш кабарлар