Эрдоган: "Максатыбыз өлкөбүздү төртүнчү өнөр жай революциясынын технологияларынын базасына айлантуу"

Эрдоган, Түркия Төртүнчү Өнөр жай Революциясы Борборунун ачылышына видео кайрылуусун жөнөттү.

1542915
Эрдоган: "Максатыбыз өлкөбүздү төртүнчү өнөр жай революциясынын технологияларынын базасына айлантуу"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны төртүнчү өнөр жай революциясынын өндүрүм жана технологияларынын базасына айлантууну көздөп жатышканын билдирди.

Эрдоган, Түркия Төртүнчү Өнөр жай Революциясы Борборунун ачылышына видео кайрылуусун жөнөттү.

Дүйнөлүк Экономикалык Форумуна жараша түзүлгөн,   Төртүнчү Өнөр жай Революциясы борборунун желесине, Түркиянын ушул жылдын башында кошулганын эске салган Эрдоган, бул борбор Европадагы эки мисалдын бири экендигин айтты.

Эрдоган:«Биздин максатыбыз - биздин улуттук технология кадамыбызга ылайык, өлкөбүздү төртүнчү өнөр жай ыңкылабынын өндүрүмдөрүнүн жана технологияларынын базасына айлантуу»,-деп айтты.

Эрдоган эпидемиялык шарттарга байланыштуу алар каалаган иш-аракетке жете элек болсо дагы, бул борбордо жасала турган иштердин экономикалык жана социалдык жашоого олуттуу салымы болот деп эсептээрин билдирди.

Адамдардын, коомдордун жана мамлекеттердин жашоосундагы технологиянын биринчи өнөр жай төңкөрүшүнөн (1760-жылдардан 1830-жылдарга чейин) башталган чоң өзгөрүүсү бизди төртүнчү өнөр жай төңкөрүшүнө тыгыз даярданууга түрттү деген Эрдоган: «Санариптештирүү процесси учурунда даярдалган адам ресурстары эң маанилүү фактор катары чыгат. Түркия салыштырмалуу жаш, мотивацияланган жана даярдалган адам ресурстары менен бул процесске өтүүгө толук даяр»,- деди.

Түркия мындай тарыхый революцияларды мындан ары арттан ээрчиген эмес, пионер болуп, жол салууга мүмкүнчүлүк алган позицияда болуусун кааалагандарын баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын төртүнчү Өнөр жай Революциясы Борборунун максаттарына жетүүсүнө салым кошо турганына үмүттөнгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар