Чад туризми түрктөргө аманат
Түркия Африка өлкөлөрүнөн Чаддын туризмин дүйнөгө таанытат.
Дүйнөлүк туризм форуму институту менен Чад туризм министрлигинин арасында март айында Чадда Global туризм форумунун өткөрүлүшү, Чаддын туризминин таанытылышы, өлкөнүн бул тармактагы инвестицияларынын жана турист санынын арттырылышы сыяктуу максаттар менен келишимге кол коюлду.
Борбор шаар Анкарада бир мейманканада өткөрүлгөн кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Чаддын туризм жана маданият министри Паталет Гео институт менен кол коюлган келишимдин туризм тармагындагы көз караштарын ачаарын билдирди.
Дүйнөлүк туризм форуму институтунун төрагасы Булут Багжы болсо кол коюу менен өлкөнүн туризми түрктөргө тапшырылгандыгын баса белгилеп : «Чаддын туризмине тамга баса турган жана өлкөнүн бул тармактагы кирешесинин эселенүү менен өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзөбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.
Эмине Эрдоган Африка күнү менен куттуктады
Биринчи айым Эмине Эрдоган сациалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.