Түркия Перс булуңундагы оң жылыштарга канааттанды

Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы жаңжалды жөнгө салуу аракеттери боюнча билдирүү жасады.

1539922
Түркия Перс булуңундагы оң жылыштарга канааттанды

Түркия, Перс булуңунун аймагындагы чыр-чатакты жөнгө салууга карата акыркы күндөрдөгү оң жылыштарга канааттанганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Перс булуңундагы келишпестикти чечүү аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Перс булуңунун аймагында 2017-жылдын июнь айынан бери уланып келе жаткан чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча акыркы оң жылыштар бизди кубандырды. Ушул кезге чейин интенсивдүү байланыштарды түзүп, чыр-чатакты чечүү аракеттерин көрүп келген Кувейт жетекчилигинин чын ыкластуу иш-аракеттерин жогору баалайбыз. Биздин каалообуз, бул келишпестиктин тез арада шартсыз диалог аркылуу чечилиши жана Катарга киргизилген акыйкатсыз блокада менен санкциялардын аякташы» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө, Түркиянын ушул кезге чейин болгондой эле мындан ары да Перс булуңундагы аймактын коопсуздугу жана ырааттуулугу үчүн аракет кылууну уланта турганы да белгиленди.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Бахрейн жана Египет 2017-жылдын 5-июнунда Катар менен "террордук топторду колдогон" деген айып менен бардык дипломатиялык мамилелерди үзүп, бул өлкөгө экономикалык блокада киргизген. Бул кырдаал Перс булуңунун аймагында кризисти пайда кылган.

Кувейт Перс булуңундагы кризистин тараптарынын ортосунда ортомчулук кылууга аракет кылганы менен мамилелерде нормалдашуу жаатында азырынча эч кандай жыйынтык жок.



Тектеш кабарлар