Түркияда коронавируска каршы эмдөө башталат

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1537770
Түркияда коронавируска каршы эмдөө башталат

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө 11-декабрдан баштап этап-этабы менен башталат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эмдөөнүн 11-декабрдан баштап акырындык менен баштала тургандыгын белгилеген Кожа, вакцинанын алгач медицина кызматкерлерине сайыла турганын айтты. Кожа ошондой эле вакцинанын кимдерге берилери боюнча Илимий комитеттин иштеп жаткандыгын билдирди.

Декабрь айында 20 миллион вакцинанын келерин маалымдаган Кожа: «Атамекендик вакцинанын биринчи фаза сыноосу 14-15-декабрда аяктайт»,-деди.



Тектеш кабарлар