Аксой Искеченин муфтийине багытталган расисттик коркутууну айыптады
Хами Аксой, муфтий Мете жашаган батирдин лифтине жазылган расисттик коркутуу билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой Грецияда Искеченин муфтийи Ахмет Метеге карата расисттик коркутуу билдирүүсүнүн жазылышын айыптады.
Хами Аксой, муфтий Мете жашаган батирдин лифтине жазылган расисттик коркутуу билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Аксой:«Каралып жаткан окуя Грециядагы жикчилдик жана фанаттык топтордун Батыш Фракия түрк азчылыгынын болушуна жана өкүлдөрүнө болгон толерантсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.
Басма сөз катчы Аксой: «Греция мамлекетинен жийиркеничтүү окуяны териштирүүнү керектүү олуттуулук жана сезимталдык менен жүргүзүп, окуяны ачыкка чыгарып, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын күтөбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Сенегалдын мурдагы президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Эрдоган Саллды 25-май Африка күнү менен да куттуктады.
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.