Мустафа Шентоп ирандык илимпоз Фахризаденин өлүмүнө байланыштуу пост жазды

Шентоп: «Ирандык илимпоздун өлтүрүлүшү террордук кыймыл болуп саналат»

1536024
Мустафа Шентоп ирандык илимпоз Фахризаденин өлүмүнө байланыштуу пост жазды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Ирандын ядролук ишканасында эмгектенген илимпоз-физиктин өлтүрүлүшүн террордук кыймыл деп эсептеди.

Мустафа Шентоп, Ирандын өзөктүк программасынын архитекторлорунун бири ядролук физик Мухсин Фахризаденин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Твиттердеги жеке баракчасынан пост жарыялады.

Шентоп: «Ирандык илимпоздун өлтүрүлүшү террордук кыймыл болуп саналат. Өлтүрүү фактысын мыйзамсыз уюмдун жасашы менен мыйзамдуу уюмдун же мамлекеттин жасашы ал иштин абалын өзгөртпөйт; террор бул терроризм, террордук кылмышты жасаган террорист болуп эсептелет. Биз эл аралык аренада мыйзамсыздыкка каршыбыз»,-деди.

Ирандын борбор шаары Тегеранда өлтүрүлгөн илимпоз Мухсин Фахризаденин өлүмү боюнча Израиль күнөөлөнүүдө.

Иран жетекчилеринин билдирүүлөрүндө Коргоо министрлигинин Изилдөө жана инновация агенттигинин башчысы да болуп иштеген ядролук физик Фахризадени өлтүрүүгө шектүү катары Тель-Авивдин администрациясы көрсөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар