Армениянын согуш кылмыштары дүйнө жүзүнө отчеттор менен билдирилет

Акыйкатчы Шереф Малкоч, Армения армиясынын Азербайжанда кылган согуш кылмыштары түшүндүрүлгөн отчетту бул аптадан баштап бардык тийиштүү тараптарга жөнөтө тургандарын билдирди.

1535098
Армениянын согуш кылмыштары дүйнө жүзүнө отчеттор менен билдирилет

Түркиядагы Акыйкатчылык институту (Kamu Denetçiliği Kurumu-KDK) тарабынан Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагында Армениянын армиясынын адам укуктарын бузуулары жөнүндө отчет даярдалды.

Акыйкатчы Шереф Малкоч, Армения армиясынын Азербайжанда кылган согуш кылмыштары түшүндүрүлгөн отчетту бул аптадан баштап Түркия жана дүйнөдөгү тийиштүү мекемелер жана уюмдар менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн парламенттеринин адам укуктары боюнча комиссиясына жөнөтө тургандарын билдирди.

Отчетко байланыштуу билдирүү жасаган Малкоч, акыйкатчылардын эки милдети бар экендигин белгилеп, биринчиси - өлкөдө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү администрация менен жарандардын ортосундагы көйгөйлөрдү медиация жолу менен чечүү, экинчиси - улуттук жана эл аралык аренада адам укуктарын коргоо жана өнүктүрүү жаатында иш алып баруу экендигин белгиледи.

Малкоч, отчет даярдалып жатканда Азербайжанга барып, Армения армиясынын кол салууларынан жабыркаган жарандык конуштарда экспертизалар жүргүзүлгөндүгүн түшүндүрүп берди.

«Азербайжанга болгон сапарыбызда, айрыкча согуш талааларынын сыртындагы жарандык калктуу конуштарда Генжени, Тертерди, Горанбойду, Агдамды, ал тургай Бакуну айланып өттүк, ал жактарга ракеталар атылган. Генже согуш майданынан бир нече чакырым алыстыкта ​​болсо дагы Армениядан атылган ракеталар менен урулган, Тертерге дагы ушундай эле сокку урулган»,-деди ал.

Армениянын кол салууларынын натыйжасында 94 Азербайжандын жайкын жараны каза болгонун айткан Малкоч, 414 адам жаракат алганын белгилеп, «Баарыбыз согуш болбойт деп үмүттөнөбүз, бирок эл аралык мыйзамдарга ылайык, согуш өзүн-өзү коргоо жана ушул сыяктуу себептерден улам фронтто болушу мүмкүн. Бирок согуш фронтунан 100-150 чакырым алыстыктагы жарандык конуштарга атайылап сокку уруу адамзатка каршы кылмыш болуп саналат. Бул Женева келишимине каршы келет»,- деди.

Азербайжанда болгон кол салуулардын аянычтуу кесепеттерине күбө болушкандыгын белгилеген Малкоч: «Кол салуулардан улам каза болгон адамдардын жакындары, жаракат алгандар менен сүйлөштүк. Ата-энесинен айрылган балдар менен сүйлөштүк. Кыйратылган мектептер менен үйлөрдү көрдүк. Бул кол салуулардан улам сыйынуучу жайлар кандай зыянга учураганын көрдүк. Айлана-чөйрө кандайча талкаланганын, тыюу салынган курал-жарак жана бомбалар кандайча колдонулганын көрдүк. Алардын бардыгын отчетто түшүндүрдүк»,- деди.

Малкоч, 7 бөлүмдөн турган отчетто  «Тоолуу Карабах көйгөйү»,  «Жеринде иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча чечимдер», «Адам укуктары жаатында чыр-чатактарды баалоо» сыяктуу аталыштар камтылгандыгы белгиленди.

«Мындан тышкары, биз өз отчетубузда Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган кол салуулардын хронологиялык тартибин түздүк. Армениянын куралдуу күчтөрүнүн кол салууларынын натыйжасында курман болгон жарандардын сүрөттөрүн жана алардын шейит болгон жерлерин өзүнчө карап чыктык»,деген маалыматты берди.

Акыйкатчылык институту катары даярдаган отчету менен тарыхка жазуу киргизгиси келгендерин айткан Малкоч: «Согуш кылмышын кылгандардын, жарандарга кыргын салып, түнкү саат 01: 00дө 1 жаштагы ымыркай балдарды же карыларды, согушка тиешеси болбогондорду өлтүргөндөрүн аныктап, алардын эл аралык сотто жоопко тартылышына аракет кылдык. Отчетту, ушул жумадан баштап Түркиядагы кызыкдар мекемелер жана уюмдар менен  дүйнөдөгү бардык адам укуктары институттарына, акыйкатчыларга жана адам укуктарын коргоочуларга жөнөтөбүз. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин адам укуктары боюнча комиссияларына жөнөтөбүз. Айрыкча Азербайжанга дагы жиберебиз. Адамзаттын жана адам укуктарынын атынан өз жоопкерчилигибизди аткарууга аракет кылдык. Мындан аркысы эл аралык берки уюмдардын иши. Бул кылмыштарды кылган кылмышкерлерди, жарандарды өлтүргөндөрдү, Женева конвенциясын, Адам укуктары боюнча Европалык конвенциясын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясын бузгандыгы үчүн, аларды жоопко тартуу үчүн прокуратура жана сот органдарына алып чыгуу албетте башка адамдардын дагы милдети. Биздин милдет буларды каттоого алуу болуп саналат».

Армениянын согуш кылмышын жасаганына карабастан, жоопкерчиликке тартылбайм деп ойлогонун баса белгилеген Малкоч: «Алардын унуткан бир нерсеси бар, азыр дүйнө эски дүйнө эмес, Азербайжан эски Азербайжан эмес, Түркия эски Түркия эмес. Ошондуктан аларды ушул күнгө чейин эркелеткендердин коргой турганын ойлоп жатышат. Бирок бул отчет, Армениянын адам укуктарын бузгандыгы боюнча эл аралык сот жараяндарында далил болот»,-деп айтты.

Малкоч, Армениянын 10-ноябрда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминен кийин чегиниши менен басып алган аймактардагы  талкаланган жерлер белгиленгенин айтып, «Шушада, Агдамда, Тертерде жана Келбежерде тарыхка каршы жасаган кылмыштар бар. Алар мечиттерди чочколордун короосуна айландырып алышкан, мусулмандардын мүрзөлөрүн талкалашкан. Бул боло береби? Эмне болот? Хожалыдагы кыргын же ушул сыяктуу кыргындар үчүн алардын жооп беришин талап кылып, мындан кийин эч ким ушул сыяктуу кылмыштарды кылууга батына албагыдай кылыш керек»,деген серебин салды.

Отчетто Армения жаңжалдуу аймактардан алыс жайгашкан жарандык калктуу конуштарды бутага алгандыгы баса белгиленип, «Армениянын Куралдуу күчтөрү жарандык калктуу конуштарга кол салып, кластердик бомба сыяктуу ар кандай куралдарды колдонуп, тыюу салынган куралдарды колдонуп, жарандардын жашоо укугун бузду жана Эл аралык гуманитардык укуктун чегинде аскердик кылмыштарды кылды», деген сөздөр жазылды.

Отчеттогу ракета менен урулган жарандык калктуу конуштардын сүрөттөрүндө кыйроонун аныкталганы жана кол салууларда 3410 жеке үй, 120 көп батирлүү турак жай жана 512 коомдук объектинин чоң зыян тартканы белгиленди.

Кол салуудан улам жакындарынан ажыраган адамдар менен маектешүүлөр баяндалган отчетто, ошондой эле Генжедеги  бир үй сапарына байланыштуу, «Кол салуудан апасы менен атасын жана чоң энесин жоготкон 2 жаштагы Нилайдын таежеси менен таанышылды. Таежеси Нилайдын энеси кош бойлуу экендигин, ал эми төрөлө элек бир тууганынан айрылган Нилай апасын сурап тынымсыз ыйлап жаткандыгын айтты»,деген маалымат катталган.



Тектеш кабарлар