Түркиядан климаттык режим тууралуу билдирүү

Түркия эл аралык климаттык режимде адилеттүү жана тең укуктуу позицияга жетүүдө чечкиндүү экендигин жарыялады.

1532347
Түркиядан климаттык режим тууралуу билдирүү

Түркия эл аралык климаттык режимде адилеттүү жана тең укуктуу позицияга жетүүдө чечкиндүү экендигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Түркиянын эл аралык климаттык өзгөрүү менен күрөшүү режиминин негизинде адилеттүү позицияга жетишүү тууралуу чечкиндүүлүгүнүн чоң жыйырмалардын лидерлер декларациясында каттоого алынышы тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой глобалдык маселе болгон климаттык алмашуу менен күрөшүүгө чоң маани берген Түркиянын ушунун негизинде глобалдык климаттык кыймылына активдүү салым кошкондугун белгиледи.

Аксой Түркиянын глобалдык парник газы эмиссияларында тарыхый жоопкерчилиги 1 пайыздан аз жана өнүгүп келе жаткан бир өлкө экендигин эске  салып : «Түркиянын БУУнун климаттык алмашуунун алкактык келишими жана келишимди ишке ашыруу каражатын түзгөн Париж келишиминин негизиндеги абалы тең укуктуулктан алыс»,- деди.

Түркиянын бул алкактагы мамилесинин 21 – 22 -  ноябрда Cауд Арабиянын жетекчилигинде өткөрүлгөн чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинин декларациясынын тиркемесинде орун алган бир билдирүү менен каттоого өткөндүгүн белгилеген Аксой буларды айтты : «Мындан мурда энергетика министрлеринин декларациясында да орун алган бул маселе бул жолу да бардык өлкөлөрдүн макулдашуусу менен чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинин декларациясында катталды. Ушундайча өлкөбүздүн эл аралык климаттык кыймылына дагы көп салым кошуусун каалап эл аралык климаттык режиминде тең жана адилеттүү позицияга жетүүдөгү чечкиндүүлүгү дагы бир жолу баса белгиленди».



Тектеш кабарлар