Президенттик кабинет бүгүн чогулат
Жыйын президент Эрдогандын төрагалыгы астында өтөт.
1529017
Президенттик кабинет бүгүн борбор шаар Анкарада президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат.
Кабинет жыйынында коронавируска (Ковид-19) байланыштуу акыркы кырдаал менен жаңы чаралардын көрүлүп же көрүлбөшүнүн күн тартибине коюлушу күтүлүүдө.
Жыйында ошондой эле өлкөнүн күн тартибиндеги ар кандай маселелердин талкууланышы көздөлүүдө.