Президент Эрдоган сиам эгиздерин жана алардын дарыгерин кабыл алды

Кабыл алууда Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган сиам эгиздеринин ден-соолугу жөнүндө үй-бүлөсүнөн жана доктур Желаниден маалымат алышты.

1529452
Президент Эрдоган сиам эгиздерин жана алардын дарыгерин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, антальялык сиам эгиздери Дерман жана Йигит Эвренсел менен эгиздерди Британияда операция кылып ажыраткан др. Нур Уль Овасе Желанини кабыл алды.

Борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплекстеги кабыл алууда Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган сиам эгиздеринин ден-соолугу жөнүндө үй-бүлөсүнөн жана доктур Желаниден маалымат алышты.

2018-жылы 22-июнда Антальянын Алания районунда кесарево жолу менен төрөлгөн сиам эгиздери Анталья жана Стамбулдун ар кайсы ооруканаларында дарыланып жатканда Эмине Эрдоган 2018-жылы Антальядагы ооруканага барганда эгиздерди көрүп алардын дарылануу процессине бүгүнкү күнгө чейин кылдат көз салган эле.

Сиам эгиздеринин операциясын Лондондогу Great Ormond Street Hospital ооруканасында педиатриялык нейрохирург др. Овасе Желани жетектеген топ жасаган болчу.

Эки түрк дарыгери да арасында болгон 42 кишилик топ тарабынан жасалган үч операциянын негизинде бириккен баштары 28-январда ажыратылган Дерман менен Йигит 10-июнда Түркияга кайтып келишкен.

Сиам эгиздеринин дарылануусу Анкарадагы оорукана шаарчасынын физикалык терапия жана калыбына келтирүү ооруканасында уланууда.



Тектеш кабарлар