Президент Эрдоган Гаити жана Доминикандын президенттери менен сүйлөштү

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык,президент Эрдоган Гаитинин президенти Жовенел Моисе жана Доминикан Республикасынын Президенти Луис Абинадер менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

1527880
Президент Эрдоган Гаити жана Доминикандын президенттери менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Гаити жана Доминикан Республикасынын Президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Гаитинин президенти Жовенел Моисе менен болгон сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу боюнча кадамдар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү бааланды.

Анда президент Эрдоган эки өлкөнүн, айрыкча энергетика, курулуш, болот, саламаттыкты сактоо жана тейлөө тармактарында көптөгөн секторлордо кызматташуу үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин белгилеп, бул тармактарда таштала турган кадамдар менен соода көлөмүнүн тездик менен жогорку деңгээлге жетерине ишенерин билдирди.

Эрдоган Гаитинин президенти Моизенин атасы Этьен Моизенин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Президент Эрдоган Доминикан Республикасынын Президенти Луис Абинадер менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түркия менен Доминикандын ортосундагы  эки тараптуу соода көлөмүн жогорулатуу, туризм,  инфраструктура жана коргонуу өнөр жайы жаатында инвестицияларды жана кызматташтыкты алдыга жылдыруу маселелерине баа берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын чоң потенциалы бар экендигин жана бул багытта өз ара эрк менен таштала турган туура кадамдар эки өлкөгө тең чоң пайда алып келерин билдирди.



Тектеш кабарлар