Түркияда коронавирус менен күрөш уланууда

Бир сутканын ичинде 150 миң 141 тест жасалып, 3 миң 116 кишиде вирус аныкталды.

1527828
Түркияда коронавирус менен күрөш уланууда

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 92 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 408 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 150 миң 141 тест жасалып, 3 миң 116 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 298 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 351 миң 102ге жогорулады.



Тектеш кабарлар