Экспорттук жүк ташуучу поезд Текирдагдан Европага жөнөдү

Экспорттук поезддин негизинде чек ара капкаларындагы тыгындар жана бажы бекеттериндеги көйгөйлөр аяктайт.

1527565
Экспорттук жүк ташуучу поезд Текирдагдан Европага жөнөдү

Текирдагдан Европага багыт алган алгачкы экспорттук жүк ташуучу поездди Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп узатты.

Шентоп Текирдагдагы Медлог станциясынан поездди Болгарияга жөнөткөндөн кийин: «Экспорттук поезд ушундай маанилүү күндө Текирдагдын түзүлгөн күнү болгон 13-ноябрда шаарыбыздан Болгарияга жөнөдү. Шаарыбыздын жана өлкөбүздүн өнүгүшүндө чоң пайда алып келе турган экспорттук поездибиздин куттуу болушун каалайм»,- деп айтты.

Экспорттук поезддин негизинде чек ара капкаларындагы тыгындар жана бажы бекеттериндеги көйгөйлөр аяктайт.

Экспорттук поезддин транзитинен улам валютанын кунун жоготушун да токтотушу күтүлүүдө. 27 чиркегичтен башталган поезддин 300 чиркегичке жетүүсү көздөөдө.



Тектеш кабарлар