Түрк куралдары Американын басма сөзүндө орун алды

АКШнын алдыңкы журналдарынын бири «Форбес» түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары SİHAны "сыйкырдуу ок" деп мүнөздөдү.

1525776
Түрк куралдары Американын басма сөзүндө орун алды

АКШнын алдыңкы журналдарынын бири «Форбес» түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары SİHAны "сыйкырдуу ок" деп мүнөздөдү.

Дэвид Хэмблинг жазган макалада Азербайжандын Арменияга каршы бир нече ар кандай учкучсуз аба аппараттарын колдонгону баса белгиленди, алардын эң таасирдүүсү Түркиянын куралдуу учкучсуз аба аппараттары  болгон.

Байрактар ​​ТБ - 2 учактарынын ийгилиги мактоого алынган макалада, Түркияда жасалган куралдуу учкучсуз аба аппаратынын Сирия, Ирак жана Ливияда буга чейин колдонулуп келгендиги айтылган.

Макалада Байрактар ​​ТБ-2 учактары АКШ же Израилдин учкучсуз аба аппараттарына караганда бир топ эффективдүү экендиги баса белгиленди.

Дүйнөгө таанымал «Экономист» журналы буга чейин түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын Карабах фронтунда таасирдүү болорун алдын ала айткан.

Британиялык Би-Би-Си телекомпаниясы TB-2 учактарын "учкучсуз аба аппараттары базарынын жылдызы" деп атаган.

Түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары  орус жана япон  басма сөзүндө да кеңири орун алды.

 



Тектеш кабарлар