Бүгүн Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 82 жылдыгы
Түркия улуу лидер Ататүрктү эскерүүдө.
Бүгүн, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканынын 82 жылдыгы.
Боштондук согушунун негизинде (1919-1923) алгач Анадолуну баскынчылыктан бошоткон, андан соң ар бир тармакта ишке ашырган жаңылоолор менен заманбап Түркиянын тарыхын түзгөн улуу лидердин элесине арналып 82 жыл мурун көз жумган (жергиликтүү убакыт боюнча) саат 09.05те бүтүндөй өлкөдө жашоо токтоду жана бардык жарандар бир мүнөт эскеришти.
Ошол эле убакыттарда мамлекеттик администрация улуу көсөмдүн сөөгү коюлган Аныткабирге зыярат кылышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана аны коштогон адамдар Атаны бир мүнөт унчукпай эскеришти.
Аныткабирдин атайын дептерине кол койгон Эрдоган дептерге төмөнкүлөрдү жазды:
«Улутубуздун күрөшүн жеңиш менен даңазалаган, бизге көз карандысыз жана эркин өлкөнү калтырып кеткен Гази Мустафа Кемал жана анын баатыр куралдуу жолдоштору элибиз тарабынан түбөлүккө эскерилет. Шейиттерибиздин курмандыктарына негизделген Республикабызды түбөлүк сактай турган, кийинки муундарга өнүккөн, күчтүү жана абройлуу өлкөнү калтыруу үчүн аракет кылууну улантабыз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!».
Андан кийин Аныткабир жарандардын зыяратына ачылды. 82 жыл мурунку азапты бүгүнкүдөй сезишкен миңдеген адамдар Аныткабирге агылышты.
Ататүрктүн көз жумгандыгынын 82 жылдыгы өлкөнүн жалпысында жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө да эскерилүүдө.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.