YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен: «Антиисламизм Францияда күчөгөн абалда»

Эрен Твиттердеги баракчасынан түрк жана француз тилдеринде билдирүү бөлүштү.

1523339
YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен: «Антиисламизм Францияда күчөгөн абалда»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Францияда жаш балдардын суракка алынышына байланыштуу: «Антиисламизм Францияда күчөгөн абалда»,-деп билдирди.

Твиттердеги баракчасынан түрк жана француз тилдеринде билдирүү бөлүшкөн Эрен: «10 жаштарындагы 4 бала, алардын үчөө түрк жана бирөө магриб тектүү. Куралдуу полиция кызматкерлери таң эрте үйлөрдү тинтип ойготушат. Балдар 11 саатка камакка алынат. Жада калса түшүнүк кат да алган эмес! Акыл, абийир, мыйзам муну кабыл албайт!»,- деп айтты.

Эрен бул маселени көзөмөлдөй тургандарын баса белгиледи.

Франциянын Альбертвилл шаарында жашаган 10 жаштагы үчөө түрк бирөө магриб тектүү 4 бала, мектептеринде Мухаммедге акаарат келтирген карикатуралар жөнүндөгү талкуудан кийин таң эрте полиция кызматкерлери алардын үйүн тинтип, полиция бөлүмүнө алып барып суракка алышкан.

Балдар радикалдашуу тенденциясы бар же жок экендиги аныкталышы үчүн 11 саатка камакка алынган болчу.



Тектеш кабарлар