Хаккариде террористтер жумушчуларды бутага алды

Улуттук Коргоо министрлиги, террордук чабуулдан кийин аймакта операция башталганын билдирди.

1522046
Хаккариде террористтер жумушчуларды бутага алды

Хаккариде жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү тарабынан жолдо иштеп жаткан курулуш машинасына жасалган жана бир жумушчу шейит болгон кол салууда оор жаракат алган 2 жумушчу дагы бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок.

Хаккари Губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, Дережик районунда, Ирак чек арасына жакын эки базалык аймактын ортосунда иштеп жаткан курулуш техникаларына ПКК террористтери ракета жана куралдар менен кол салышты.

Билдирүүдө: «Кол салууда бир жумушчу шейит болуп, 2 жумушчу оор жаракат алды. Жаракат алган 2 жумушчу дагы бардык аракеттерге карабастан шейит болду» деп кабарланды.

 



Тектеш кабарлар