Бүгүн Президенттик кабинет жыйналышы өтөт
Президенттик комплексте саат 15: 00дө чогула турган министрлер кабинетинин күн тартибиндеги негизги маселе Измирдеги жер титирөө болот.
Президенттик кабинет Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.
Президенттик комплексте саат 15: 00дө чогула турган министрлер кабинетинин күн тартибиндеги негизги маселе Измирдеги жер титирөө болот.
Жыйналышта аймактагы акыркы кырдаалга баа берилип, жер титирөөдөн жабыркагандардын жараларын айыктыруу боюнча көрүлүп жаткан жана пландаштырылган чаралар талкууланат.
Жыйналыштын дагы бир алдыңкы маселеси - коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, министрлер кабинетинин мүчөлөрү Түркиядагы эпидемия жана вакцина изилдөө иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат беришет. Эпидемияга байланыштуу көрүлө турган жаңы чаралар талкууланат.
Жыйналышта Азербайжан-Армения от атышуу тилкесиндеги акыркы кырдаал, терроризмге каршы күрөш, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Сириядагы абалдар талкууланат.
Чогулуштан кийин президент Эрдогандын билдирүү жасашы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.