Министр Курум: «Ушул учурга чейин 100 жараныбызды куткардык»

Министр Курум билдирүү жасады.

1519207
Министр Курум: «Ушул учурга чейин 100 жараныбызды куткардык»

Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум Измирдеги жер титирөөдөн бери 100 адамдын куткарылганын билдирди.

Министр Курум, Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) Измир Координациялык борборунда билдирүү жасады.

Ал Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу: «Аймакта 5 миңдей издөө-куткаруу кызматкерлери иштеп жатышат»,- деди.

Министр Курум: «Учурда 56 миң кишилик мобилдик тамактууну жайы аймакка жайгаштырылды. Оор жабыр тарткан имараттарга көчүрүү жардамы көрсөтүлөт»,-деп айтты.

Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум, Массалык турай жай менен камсыздоо башкармалыгы (ТОКИ) туруктуу турак жай куруу үчүн AFAD менен макулдашып баштаганын билдирди.

Курум ошондой эле кыйраган же кулап калуу коркунучунда турган имараттар үчүн бардык жарандарга ижара акысы төлөнө тургандыгын билдирди.

Кечээ Измирдин Сеферихисар районунун жээктеринде 6,6 баллдык жер титирөө болгон.

AFAD, кечээ Түркия убактысы боюнча саат 14:51де Эгей деңизинде, Измирдин Сеферихисар районунун 17 чакырым жээгинде катталган жер титирөөнүн 16,54 километр тереңдикте болгонун билдирген эле.



Тектеш кабарлар