АКЫНЖЫ жана Байрактар TB3ке кубат берет
Байрактар Твиттердеги баракчасынан видео бөлүштү.
1518560
Атамекендик учак мотору АКЫНЖЫ жана Байрактар TB3кө кубат берет.
«Байкар» компаниясынын техникалык директору жана Т3 Фондунун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар Твиттердеги баракчасынан ТУСАШ мотор өнөр жай ишканасы (TEI) тарабынан иштелип чыккан атамекендик өндүрүштүк учак мотору жөнүндө видео бөлүштү.
Байрактар: «TEI тарабынан иштелип чыккан улуттук дизайн, атамекендик өндүрүштүк учак мотору. Дүйнөдө ушул тапта эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон учак кыймылдаткычы болуп эсептелет. Сиз кандай дейсиз; биз сынап, салыштырып көрдүк... АКЫНЖЫ жана Байрактар TB3ке кубат берет!» деди.
Тест көрүнүштөрүнүн бир ай мурунку экенин белгилеген Байрактар, сыналган мотордун прототип эмес, сериялуу өндүрүш мотору экенин билдирди.