Эрдоган Макрон менен Вилдерске каршылык көрсөттү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, өзү лидер болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Малатьядагы 7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

1515533
Эрдоган Макрон менен Вилдерске каршылык көрсөттү

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Фашизм биздин салтта жок. Фашизм сенин салтыңда. Биз социалдык адилеттүүлүк менен жашайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган, өзү лидер болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Малатьядагы 7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Президент өз сөзүндө Европа өлкөлөрүндө күчөп жаткан расисттик жана исламга каршы үндөргө дагы бир жолу каршылык көрсөттү.

Эрдоган:«Учурда Францияга жооптуу адам (Эммануэль Макрон) таң калып, жатса да турса да Эрдоганга тийишип жатат. Сиз алгач өзүңүзгө көз чаптырыңыз. Бул бир оору. Чындыгында текшерилиши керек. Аандан башка Нидерландиядагы парламенттин мүчө сөрөйү (Нидерланддын Эркиндик партиясынын төрагасы Герт Вилдерс )бар.  Ал биз жөнүндө да бир нерсе жазат. Чегиңди бил. Ким менен жол талашып жатканыңды эсептеп көрдүң беле?»-деп айтты.

«Фашизм биздин салтта жок. Фашизм сенин салтыңда бар. Биздин салтыбызда фашизм дагы, нацизм дагы жок. Биз социалдык адилеттүүлүк менен жашайбыз»,- деди ал.



Тектеш кабарлар