Эрдоган: «Түркия чек араларынын түбүндө террордук сазга эч качан жол бербейт»

Эрдоган Кайсериде АК Партиянын кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

1515191
Эрдоган: «Түркия чек араларынын түбүндө террордук сазга эч качан жол бербейт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек араларынын түбүндө кандайдыр бир террордук сазга жол бербей турганын айтты.

Эрдоган Кайсери шаарындагы «Кадир Хас» стадионунда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Кайсери 7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Сириянын акыркы мезгилде Ирактын чек арасында жаңы террордук уюмдун ишин ылдамдатканын жана ал жерде террористтик мамлекетти курууга аракет кылып жаткандыгын билдирген президент: «Түркия чек араларынын түбүндө мындай террордук сазга, террордук мамлекет курууга эч качан жол бербейт. Эмне керек болсо аны жасайт жана террордун сазын кургатат. Бул теманын шериктештик, достук менен эч кандай тиешеси жок. Эгерде маңдайыбыздагылар чындап эле шериктештер болсо алар менен бардык маселени өз каналдарында чечүүнү жана натыйжасына урмат сый көрсөтүүлөрүн күтөбүз. Ушул сыяктуу эле, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Грециянын жана Кипрдин Рум тарабынын эркелигине баш ийүүнүн ордуна мыйзамды жакташы керек. Ал эмес Жер Ортолук деңизинин картасына көздүн кыйыгы менен эле каралышы Түркиянын мыйзамдуулугун ачып берет»,- деди.

Эрдоган өз сөзүндө Европада күчөп бараткан исламофобияга токтолуп, Германиянын борбор шаары Берлиндеги мечитке полиция тарабынан жасалган тинтүү жөнүндө: «Германияда бир мечитке жүздөгөн полиция кызматкери менен жүргүзүлгөн тинтүүнүн түшүндүрмөсү жок. Анын аты исламофобия. Өз жарандары болгон мусулмандардын укуктарына каршы мындай чабуулдар менен европалык фашизм жаңы баскычка өттү. Европа мусулмандарга каршы ачкан фронт менен өз аягын даярдап жатат. Эгер алар андан эртерээк кутулушпаса, бул оору бүт Европаны ичинен алып келет»,-деди.

Армениянын Азербайжанга каршы кол салуулары жөнүндө президент Эрдоган: «Биз (Азербайжандын президенти Илхам) Алиев менен бүгүн эртең менен сүйлөштүк. Учурда азербайжандык боордошторубуз басылып алынган жерлерди көздөй бара жатышат. Алар кайра кайтарып ала башташты», деп айтты.



Тектеш кабарлар