Ибрахим Калын Пашинянга каршылык көрсөттү

Калын, Пашиняндын сөздөрү Армениянын ниетин ачып бергенин айтты.

1513696
Ибрахим Калын Пашинянга каршылык көрсөттү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын «Карабахтагы жаңжал дипломатиялык жол менен чечилбейт» деген сөзү Армениянын ниетин ачып бергенин айтты.

Калын, Твиттердеги баракчасынан: «Пашинян "Карабахтагы жаңжал дипломатиялык жол менен чечилбейт"деген билдирүүсү, Армениянын ниетин ачыкка чыгарууда. Кимдин согуш каалагандыгы белгилүү. Бул абал Түркиянын жана Азербайжандын тууралыгын тастыктады; Түштүк Кавказга тынчтык жана туруктуулук Карабах баскынчылыктан бошогондо гана келет», деди.

Азербайжандын вице-президенти Хикмет Гажиев да Армениянын премьер-министри Пашиняндын "жарандарды фронтко чакыруусун" жана "маселе дипломатиялык жол менен чечилбейт" деген билдирүүсүн, эл аралык коомчулуктун дипломатиялык демилгелерин "сыйлабагандык" деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар