Эрдоган Рухани менен сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1514202
Эрдоган Рухани менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркия-Иран мамилелерин жакшырта турган жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкты бекемдей турган кадамдар талкууланган сүйлөшүүдө, Азербайжан-Армения жаңжалы жана Сирия баш болгон аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган Рухани менен сүйлөшүүсүндө, Иран менен тыгыз кызматташтыкты жана тилектештикти жалпы кызыкчылыктардан тышкары коңшулук мыйзамдын талабы катары эсептегендерин билдирди.



Тектеш кабарлар