Чавушоглу-Байрамов сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулады.

1513561
Чавушоглу-Байрамов сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Чавушоглу менен Байрамов Тоолуу Карабахтагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Министрлер аймактагы туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Азербайжан жерин оккупациядан бошотуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Байрамов кечээ Орусиянын борбору Москвада орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугуп, Тоолуу Карабахта болуп жаткан окуяларды талкуулады.



Тектеш кабарлар