Эрдоган атамекендик вакцина тууралуу маалымат берди

Президент Эрдоган кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1512822
Эрдоган атамекендик вакцина тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «(Коронавирустун жаңы түрүнө каршы Ковид-19) Атамекендик вакциналарды изилдөөдө, эки жуманын ичинде адамда сыноо этабына жетип калаары сезилүүдө»,- деди.

Президент Эрдоган кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Дүйнөлүк  вакциналар боюнча эмгектердин Түркияда колдонулушуна байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеген  Эрдоган: «Ата мекендик вакцина боюнча изилдөөлөргө караганда, эки жуманын ичинде адамга сыноо этабына жетүүгө болоору сезилүүдө»,- деди.

Жыл аягына чейин бул жаатта конкреттүү кадамдарга барабыз деп үмүттөнгөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Биздин максат эмдөө маселесин кийинки жазга чейин толугу менен чечүү»,-деп айтты.


Этикеткалар: #вакциналар , #Эрдоган

Тектеш кабарлар