Президент Эрдоган: «Исламдын күч алышынан тынчсыздангандар динибизге кол салууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Дин иштери башкармалыгынын онлайн режиминде уюштурган Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн министрлеринин / президенттеринин / башкы муфтийлеринин Кеңешүү жыйынына видео кайрылуу жөнөттү.

1512593
Президент Эрдоган: «Исламдын күч алышынан тынчсыздангандар динибизге кол салууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Исламдын күч алышынан тынчсыздангандар өзүлөрү кризистерди келтирүү менен биздин динге кол салууда»,-деп айтты.

Эрдоган Дин иштери боюнча башкармалыгы тарабынан онлайн режиминде уюштурулган Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн министрлеринин / президенттеринин / башкы муфтийлеринин Кеңешүү жыйынына видео кайрылуу жөнөттү.

Президент Эрдоган, сүйлөгөн сөзүндө, «Менин оюмча, биз башыбыздан кечирип жаткан бул азаптуу жана кыйынчылыктарга толгон мезгилде бири-бирибизди көбүрөөк угуп, пикир алмашуубуз керек»,-деди.

«Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, адамзатка кылымдар бою жарык чачкан билим, акылмандык жана тынчтык менен эсте калган байыркы ислам өлкөлөрүнөн кыйкырыктар көтөрүлүп келе жатат»,деген сөздү айткан Эрдоган: «Дүйнө жүзү боюнча күн сайын орто эсеп менен миңден ашуун мусулман бир туугандарыбыз терроризмдин же зордук-зомбулуктун курмандыгы болууда. Айрыкча расизм, уруучулук, сектанттык жана терроризм чыр-чатактары Ислам дүйнөсүн ичинен кыйраткан көйгөйлөргө айланды»,-деп айтты.

«Мусулмандардын кайгылуу көрүнүшү империалисттерди жана Ислам душмандарын шыктандырууда»,деген Президент мындай деди: «Исламдын күч алышынан тынчсыздангандар өзүлөрү кризистерди келтирүү менен биздин динге кол салууда».

Режеп Таййип Эрдоган: «Исламдык жана анти-мусулмандык айтымдар - бүгүнкү күндө Батыш саясатчылары өзүлөрүнүн каталарын жаап-жашыруу үчүн колдонуп жаткан эң ылайыктуу аппарат. Жакында күн тартибине коюлган (Француз исламы), (Европалык ислам), (Австрия исламы) сыяктуу түшүнүктөр мунун акыркы мисалдары. Франциянын Президенти (Эммануэль) Макрон баштаган мындай демилгелердин негизги максаты - Ислам жана мусулмандар менен эсептешүү»,- деди.



Тектеш кабарлар