Түркияда акыркы 50 жылдагы эң ысык сентябрь айы

1971-жылдан бери эң жогорку орточо температура 2015-жылдын сентябрь айында катталган болчу.

1505986
Түркияда акыркы 50 жылдагы эң ысык сентябрь айы

Түркияда акыркы 50 жылдагы эң ысык сентябрь айы болду.

Метеорология башкы башкармалыгынын көрсөткүчтөрүнө караганда, быйыл ысык аба ырайынан улам мурда 20,5 деп өлчөлгөн сентябрь айынын орточо температурасынын 3,4 градуска жогорулагандыгы аныкталды.

Ушундайча акыркы өлчөөлөргө караганда, быйылкы жылдын сентябрь айынын жылуулугу 23,9 градуска чейин көтөрүлүп, акыркы 50 жылдагы "эң ысык сентябрь айы" болду.

Түркияда 1971-жылдан бери эң жогорку орточо температура 2015-жылдын сентябрь айында катталган болчу.



Тектеш кабарлар