Эрдоган "Рейханлы" суу сактагычы жөнүндө билдирүү бөлүштү

Эрдоган бөлүшүүсүндө: «Рейханлы суу сактагычынын өлкөбүз, улутубуз жана шаарыбыз үчүн пайдалуу болушун каалаймын»,-деди.

1502253
Эрдоган "Рейханлы" суу сактагычы жөнүндө билдирүү бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк жаштарына чоң, күчтүү жана бай Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Эрдоган Хатайда бүгүн ачылган Рейханлы суу сактагычы жөнүндө Твиттер баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Эрдоган бөлүшүүсүндө: «Бүгүн биз ачкан Рейханлы суу сактагычынын өлкөбүз, улутубуз жана шаарыбыз үчүн пайдалуу болушун каалаймын»,-деди.

Билдирүүдө төмөнкүлөр жазылган:

«Рейханлы суу сактагычы, Амик түздүгүн суу каптоодон сактоого жана сугарууга мүмкүндүк берүүчү, топурагыбыздын түшүмдүүлүгүн арттыра турган маанилүү инвестиция болуп саналат. Түркия дүйнөдөгү кризистик борборлордун чок ортосунда орун алганына карабастан биримдик жана ынтымактын күчү менен бирге бардык тармактагы күчтүү инфраструктурасынан улам өсүп-өнүгүүдө. Акыркы 18 жылдын ар бир күнүндө, өлкөбүзгө жана улутубузга эмгек бердик. Жаштарыбызга 2053-жыл пландарын ишке ашыруусу үчүн чоң, күчтүү жана бай Түркияны калтырып кетүүгө чечкиндүүбүз».



Тектеш кабарлар