ДСУ Түркияны мактады

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа да Түркияны мактаган ДСУнун Европадагы аймактык бюросуна ырахмат айтты.

1502004
ДСУ Түркияны мактады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы аймактык бюросу, Түркиянын коронавирустук пандемия менен күрөшүүнүн алкагында тест санын августтан тарта үч эсеге көбөйтүшүн жана пандемияны алдын алуу стратегиясын мактады.

ДСУнун Европадагы аймактык бюросу, Европадагы Ковид-19 көрсөткүчтөрүнүн отчеттуулугунун шайкеш келтирилиши жөнүндөгү билдирүүсүндө: «Түркиянын оорунун белгилери байкалбаган адамдарды да кошуп скрининг тесттерин жүргүзүү максатында апрель айындагы күнүмдүк тест санын, август айынан тарта үч эсеге көбөйтүшүн жана вирустун жайылуусун алдын алуу стратегиясын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы аймактык бюросу мактоо арзырлык деп эсептейт», делди.

Түркиянын стратегиясынын, саламаттык сактоо системасынын көптөгөн адамдарга, анын ичинде эч кандай белгилери жок адамдарга жетүүсүнө мүмкүндүк бергендиги билдирилип, тест жүргүзүүнүн пандемияга каршы күрөшүүдө маанилүү чара экени баса белгиленди.

Билдирүүдө: «Түркия симптомдорду көрсөткөн же көрсөтпөгөн бардык адамдарды изоляциялоодо. Мындай ыкма жуктуруу чынжырын үзүү үчүн алды ала шарт болуп саналат»,- деп баа берилди.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө Түркиянын Ковид-19 менен күрөшүүсүн мактаган ДСУнун Европадагы аймактык бюросуна ырахмат айтып, бул жааттагы тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар