Чавушоглу: «Армения Азербайжандын жерлеринен чыгып кетмейинче маселе чечилбейт»

Чавушоглу Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1499475
Чавушоглу: «Армения Азербайжандын жерлеринен чыгып кетмейинче маселе чечилбейт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Армения Азербайжандын жерлеринен чыгып кетмейинче, эки өлкөнүн ортосундагы маселе чечилбейт»,- деп билдирди.

Чавушоглу Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын жетекчисинин орун басары Нуман Куртулмуш менен бирге Азербайжандын Анкарадагы элчиси Хазар Ибрахимге барды.

Чавушоглу жолугушуудан кийин Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасап: «Бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар; Армения басып алган Азербайжандын жерлеринен чыгып кетет. Мындай болбосо маселе чечилбейт»,-деп айтты.

Азербайжандын аймактык биримдиги жана бүтүндүгүнө карата Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдеринин ортодо экендигин, буларга карабастан ушул кезге чейин Минск тобунун үчилтиги жана жалпысынан ЕККУнун эч кандай конкреттүү кадамдарды таштабаганын баса белгилеген Чавушоглу: «Эми бул маселенин конкреттүү түрдө чечилишин каалайбыз. Биз түрк эли катары ар дайым боордош Азербайжан элинин жанында болобуз. Аянтта жана үстөлдө Азербайжанды колдойбуз. Бул маселени толугу менен чечүүнү каалайбыз. Түрк дипломатиясы катары да дүйнөнүн бардык жеринде бир тууган Азербайжандын жанында турууну улантабыз. Өзгөчө Азербайжандын элчилиги жок жерлерде биздин өкүлчүлүктөр Азербайжан үчүн иштешет»,-деди.

Министр Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.



Тектеш кабарлар