Түркиядагы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 65 киши көз жумду.

1495495
Түркиядагы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 65 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 7 миң 639 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 114 миң 311 тест жасалып, 1 миң 692 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 261 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 269 миң 696га жогорулады.



Тектеш кабарлар