Анкарада операция: 16 шектүү кармалды
Анкарада ДЕАШ операциясы жүргүзүлдү.
1492326
Террордук уюм ДЕАШ жана жаңжал чыккан аймактар менен байланышы бар экендиги аныкталган Ирак улутундагы 19 шектүүнүн 16сы борбор шаар Анкарада кармалды.
Анкара полиция башкармалыгынын Терроризмге каршы күрөшүү жана чалгындоо бөлүмүнүн иш-аракеттеринин натыйжасында, террордук уюм ДЕАШ жана жаңжал чыккан аймактар менен байланыштары бар экендиги жөнүндөгү маалыматтар боюнча 19 Ирак жараны аныкталды.
Иликтөөлөрдөн кийин уюштурулган операцияда 16 шектүү кармалды.
Качып жүргөн шектүүлөрдү кармоо боюнча изилдөө иштери улантылууда.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.