Түркия-Греция аскердик делегациялардын ортосундагы жыйналыш

НАТОнун Аскер комитетинин төрагалыгы тарабынан бүгүнкүгө жылдырылган Греция менен Түркиянын ортосундагы аскердик делегациялардын жыйналышы башталууда.

1488353
Түркия-Греция аскердик делегациялардын ортосундагы жыйналыш

НАТОнун Аскер комитетинин төрагалыгы тарабынан бүгүнкүгө жылдырылган Греция менен Түркиянын ортосундагы аскердик делегациялар тарабынан  «Ажырашуу методдору» маселеси боюнча техникалык жыйналышынтын  Түркия убактысы боюнча саат (TSU) 15: 30га пландаштырылууда.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин сүйлөшүүсүнөн кийин өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган жана НАТОнун Аскер комитетинин төрагалыгы менен кийинкиге калтырылган Түркия менен грек аскердик делегациясында «Ажырашуу Методдору» карала турган техникалык жолугушууларынын Tүркия убактысы боюнча саат 15.30 айланасында болот.

Түркия маселенин диалог менен эч кандай шарт койбостон чечүү аракеттерин колдоону улантууда.

Түркиянын аскер кызматкерлери бүгүн өткөрүлүшү пландалган жолугушууга ар кандай даярдыктарды көрүп жатышканы белгиленди.

Мындан тышкары, грек чиновниктери бул техникалык диалог жолугушуусу эмес, Греция гана өз көз карашын билдире турган жолугушуу болот деп билдирүү жасашууда.

Жада калса, бул кырдаал эки өлкөнүн көйгөйдү чечүүгө карата мамилесин ачып берүү жагынан маанилүү.

Жолугушууга бир нече саат калганда Греция бийлиги тарабынан жасалган бул билдирүүлөр зыяндуу, диалогго каршы жана тирешүүнү колдогон билдирүүлөр деп эсептелет.

Экинчи жагынан, кечээ кечинде өткөрүлгөн Кеңеш жыйынынын жашыруун күн тартиби жана Грециянын басма сөзүндө жаңылыктар катары сүйлөшүүлөрдүн чагылдырылышы айрыкча Брюсселдеги НАТО булактарынын реакциясын өзүнө бурганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар