Хулуси Акар НАТО аскердик комитетинин төрагасы менен жолугушту

Жолугушуу Улуттук коргоо министрлигинде өтөт.

1486162
Хулуси Акар НАТО аскердик комитетинин төрагасы менен жолугушту

Уулуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО аскердик комитетинин төрагасы, армиянын генералы Стюарт Пич  менен жолугушту.

Акар Стюарт Пич менен Улуттук коргоо министрлигинде жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Акардын Пич менен жолугушуусунда Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар, НАТОнун башкы катчысынын демилгеси жана башка НАТО маселелери каралды",- деп билдирилди. 

Жолугушуунун НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Түркия жана Грециянын ортосунда техникалык сүйлөшүүлөрдүн башталышына карата билдирүүлөрүнөн кийин ишке ашышы мааниге ээ болууда.

 



Тектеш кабарлар