Улуттук коргоо министрлиги "Оруч Реис" кемесин коргоо боюнча атайын видео бөлүштү

Улуттук коргоо министрлигинин веб-сайтында бөлүшүлгөн атайын видеодо Чыгыш Жер Ортолук деңизинде изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан кеме менен Деңиз күчтөрүнүн командачылыгына таандык элементтердин ортосундагы радио сүйлөшүүсүнө орун берилген.

1485636
Улуттук коргоо министрлиги "Оруч Реис" кемесин коргоо боюнча атайын видео бөлүштү

Улуттук коргоо министрлиги (MSB) Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишин уланткан «Оруч Реис» изилдөө кемесинин акыркы абалын чагылдырган атайын видеону бөлүштү.

Улуттук коргоо министрлигинин веб-сайтында бөлүшүлгөн атайын видеодо Чыгыш Жер Ортолук деңизинде изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан кеме менен Деңиз күчтөрүнүн командачылыгына таандык элементтердин ортосундагы радио сүйлөшүүсүнө орун берилген.

Аянттагы «Оруч Реис» изилдөө кемесинин акыркы абалы тик учактан тартылган көрүнүштөр менен түшүндүрүлгөн видео, TCG Гедиз фрегатынан  жарыяланган анонс менен башталат.

TCG Гедиз фрегатынын экинчи командиринин рациядагы р жарыясында, «Өлкөбүз жана улутубуз үчүн чоң мааниге ээ миссия үчүн биз сиз мененбиз. Сиздин асыл эмгегиңиз менен асыл улутубузга жакшы жаңылыктарды берет деп ишенебиз.  Көгүлтүр мекенде деңиз укугубузду, актуалдуулугун жана кызыкчылыктарын коргоого чечкиндүүбүз. Түрк деңиз күчтөрүнүн күчү жана 83 миллион кишинин дубасы сиз менен»,-деп айтты.

«Оруч Реис» изилдөө кемесинин жарыясы болсо,«Биздин баатыр флотубуз биз үчүн ушул жерде экендигин билишибиз, бизге коопсуз иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биз бул жерде өлкөбүздүн деңиз юрисдикциясынын чегинде толугу менен илимий-техникалык иштерди жүргүзүп жатабыз. Биз сиздер менен чечкиндүү жана коркпостон өлкөбүздүн деңиз укуктары, алакалары жана кызыкчылыктары үчүн иштей беребиз»,деген жооп берилет.

Видео «Оруч Реис» изилдөө кемесинин жана аны коштоп жүргөн жана коргоп жаткан деңиз күчтөрүнүн командачылыгынын флотунун сүрөттөрү менен аяктайт.

Улуттук коргоо министрлиги көрүнүштөргө байланыштуу төмөнкү билдирүүнү бөлүштү: «Күчтүү, чечкиндүү жана жөндөмдүү. Биздин Деңиз күчтөрүбүзгө таандык фрегаттар жана корветтер Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги биздин юрисдикция аймактарында ишин уланткан «Оруч Реис» изилдөө кемесин коштоо / коргоо милдетин улантышууда. Аймакта эч кандай мыйзамсыздыкка жана бейбаштыкка жол берилбейт».



Тектеш кабарлар