Фуат Октай: «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын жана ТКТРнын коопсуздугу приоритеттүү маселе»

Фуат Октай социалдык тармактагы Твиттер эсебиндеги постунда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) жана ТКТРнын Коопсуздук командачылыгынын катышуусунда өткөрүлгөн «Жер Ортолук деңиз шамалы» машыгуусуна баа берди.

1485646
Фуат Октай: «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын жана ТКТРнын коопсуздугу приоритеттүү маселе»

Вице-президент Фуат Октай, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) коопсуздук приоритеттеринин өзүлөрүнүн артыкчылыктуу багыттары менен алмаштырылгыс экендигин айтты.

Фуат Октай социалдык тармактагы Твиттер эсебиндеги постунда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Коопсуздук командачылыгынын катышуусунда өткөрүлгөн «Жер Ортолук деңиз шамалы» машыгуусуна баа берди.

Машыгуунун бүгүндөн тарта Түндүк Кипр Түрк Республикасында башталгандыгын белгилеген Октай:«Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги дипломатиялык чечүүчү жолдор менен катар өлкөбүздүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коопсуздук өзгөчөлүктөрү биздин баш тартылгыстарыбыз»,- деди.

Октай: «Түркияны Анталия булуңуна кысууга,  Кипр түрк элдерин көзгө илбегендерге каршы болоттой эркибизди өкүлдүк кылган жана Жер Ортолук деңиздин тынчтык деңизи болушунун кепили болгон баатыр аскерлерибизге ийгилик каалайм»,-деп билдирген.



Тектеш кабарлар