Президент Эрдоган : "Улутубуз бул бейиштей болгон жерди бир бүтүн катары коргойт жана бөлдүртпөйт"

Президент Эрдоган Сивас конргессинин 101 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.

1484955
Президент Эрдоган : "Улутубуз бул бейиштей болгон жерди бир бүтүн катары коргойт жана бөлдүртпөйт"

Президент Р. Т. Эрдоган улуттун бул бейиш мекенди бүтүн катары коргоп жана эч качан бөлтүртпөй тургандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган Сивас конргессинин 101 жылдыгынан улам билдирүү жарыялады.

Боштондук согушунун бурулуш жерлеринин бири болгон Сивас конгресси жана 1919 -  жыл 4 -  сентябрдын улуттун эсинде абдан маанилүү бир орунга ээ болгонун баса белгилеген Эрдоган : «Сивас конгресси улуттук күрөштүн негизи болгон. Боштондук согушунун даярдыктары бул жерде жүргүзүлдү. Улутубуздун баскынчы күчтөргө эч качан моюн ийбей тургандыгы, бири бири менен бекем түрдө биригип күрөшүүгө даяр экендигин бүткүл дүйнөгө Сивастан жарыялады»,- деди.

Конгрессте чыгарылган чечимдердин улуттун эң кыйын кезеңинде бүткүл дүйнөгө жарыялаган көз карандысыздык манифестти экенин айткан Президент Эрдоган : «Улутубуз ар дайым желегине, мекенине жана келечегине карата коркунучтарга бирдикте каршы чыкты. Жаш  - кары,   аял  - эркек дебестен бардык жарандарыбыз Боштондук согушундагы толкундануу менен улуттук эркке, келечегине ар дайым ээ чыкты. Бул биримдик бекемделген сайын эркиндигибизге, баалуулуктарыбызга жана бир туугандыгыбызга карата бардык коркунучтар жок болот»,- деди.

Эрдоган : «Сивас конгрессинин 101 -  жылында дагы бир жолу айтабыз мандат жана коргоону кабыл албаган элибиз бул бейиштей болгон мекенди бир  бүтүн катары коргойт жана эч качан бөлдүртпөйт. Биз Сивас конгрессинде камтылган улуттук позицияны колдоого жана сактоого чечкиндүүбүз. Жерибизге, желегибизге жана көз карандысыздыгыбызга кол салгандар ошол эле эркти көрүшөт жана самаганына жетпейт",- деди.



Тектеш кабарлар